Укук тартиби

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/10 12:07
 

КРнын мурдагы коргоо министри менен анын орун басарына кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кылмыш иштери козголду

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. КР Аскер прокуратурасы тарабынан КРнын мурдагы коргоо министри Т.Ө гө (Таалайбек Өмүралиевге) бюджет каражатын мыйзамсыз колдонгону үчүн КР ККнын 305-беренеси боюнча (кызматынан ашыкча пайдалануу) кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан билдирди.

Ошондой эле, КРнын Коргоо министринин мурдагы орун басары Н,Ж.га (Коргоо министрлигинин Каржы башкармалыгынын башчысы болуп турганда) КР ККнын 304-беренеси (кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы), 30-беренеси менен (кылмышка катышкандыгы), 305-беренеси менен (кызматынан ашыкча пайдалангандыгы) менен кылмыш иштери козголду.

Т.Ө КР Коргоо министри кызматында турганда ошол учурда Коргоо министрлигинин Каржы башкармалыгынын башчысы болуп турган Н.Ж. менен бирге республикалык бюджеттен 5 млн сомду чарбалык субъектке займ катары берген. Бул каражат башка максатка колдонулушу керек болчу.

Кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракетинин натыйжадасында мыйзамсыз берилген акча каражаты чарба субъекти тарабынан өз максатында колдонулбай, аталган субъекттин жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча пайдаланылган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу