Укук тартиби

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
27/10 10:53
 

Таластын тургунунан автоматтын 600гө жакын огу жана гранаталар табылды

Таластын тургунунан автоматтын 600гө жакын огу жана гранаталар табылды

Бишкек, 27-октябрь /Кабар/. Таластын жергиликтүү тургунунан автоматтын 600гө жакын огу жана жарык-шум чыгаруучу гранаталар табылганын КРнын Баңги затын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, 25-октябрда Баңги затын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын жана Мамлекетттик улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан 1964-жылкы А.Ж. аттуу Талас шаарынын тургунунун үйүн уруксат берилген тинтүүдө 7,62 мм калибриндеги Калашников автоматынын 500 огу, 5,45 мм калибриндеги Калашников автоматынын 90 огу жана жарык-шум чыгаруучу 2 граната табылды.

Бул факт боюнча КР ККнын 241-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу