Укук тартиби

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/10 15:19
 

Кыргызстандын жараны башка паспорт менен Стамбулга учууга аракет кылган

Бишкек, 26-октябрь /Кабар/. “Манас-аэропортунун” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары бөтөн бирөөнүн паспорттун алып жүргөн Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

“Манас-аэропортунун” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары Бишкек-Стамбул авиарейсинин жүргүнчүлөрүнүн паспортторун текшерүүдө, алардын бири бөтөн бирөөнүн паспорттун алып жүргөнүн аныкташкан. Б.к.Ч. аттуу Кыргызстандын жараны Стамбулга башка бирөөнүн паспорту менен учууга аракет кылган. Кармалгандын айтымына караганда, паспортун жоготуп жибергенге байланыштуу бир тууганын паспортун пайдаланууга аракет кылган.

Тийиштүү документтер толтурулган соң ал КР МУККнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу