Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
26/10 11:31
 

Соцфонддун Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары пара алып жатканда кармалды

Бишкек, 26-октябрь /Кабар/. Социалдык фонддун Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалганын КР Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына коммерциялык ишкананын жетекчиси Социалдык фонддун Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары отчетторду тапшыруунун жыйынтыгын оң чечип берем, деп 10 миң сом талап кылып жатканын билдирген.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан КР ККнын 313-беренеси менен ( пара талап кылуу) кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура менен биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзүлүп, натыйжада Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары10 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Учурда иш сотко өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу