Укук тартиби

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
25/10 14:38
 

ИИМ: Өрдөк атабыз деп адамды атып алган жарандар боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүүдө

Бишкек, 25-октябрь /Кабар/. 22-октябрда саат 19:55дер чамасында Аламүдүн районунун нөөмөт бөлүмүнө 35-40 жаштардагы европа түспөлүндөгү адам октон жараат алып, Чүй облустук ооруканасына түшкөндүгү боюнча билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Бул факты боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Жабыркаган адам 38 жаштагы Н.С. аттуу Ленин айылынын тургуну экендиги аныкталды.

Жабырлануучу 22-октябрда чаат 17:00дөр чамасында Константиновка айылында жайгашкан көлмөгө өрдөк атканга барган. Камыштардын арасынан өрдөк атканы жатканда каршы тараптан ага ок келип тийген. Андан соң ага европа түспөлүндөгү эки киши келип өрдөк аткана жатып байкабай аны атып алышканын айтышкан. Аны айылга жеткирип кетишкен.

Топтолгон материалдар боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы тапта ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу