Укук тартиби

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
20/10 12:18
 

Кара-Суу районундагы мушташка катышкан салыкчы мамкызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн кызматтан бошотулду

Бишкек, 20-октябрь /Кабар/. КРнын Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын кызматкери мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай чечим этика боюнча комиссиясынын жыйынынын жана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын тапшырмасы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, жакында Кара-Суу базарында түн жарымында мас абалдагы адамдар мушташып, алардын арасында аймактык салык кызматынын кызматкери дагы бар экени белгилүү болгон.

Салыкчы мас абалында базар кызматкеринин ошол учурда базардын аймагын тазалап жүргөн аялын зордуктоого аракет кылган, андан кийин жубайына жардамга келген киши менен мушташып кеткен.

Комиссиянын жыйынтыгына ылайык, ведомство кызматкеринин мындай кылык-жоругу мамлекеттик органдын белелине шек келтирип, мамкызматкердин этикасын олуттуу бузган болуп саналат. Ушуга байланыштуу мушташтын катышуучулары тил табышканына карабастан салыкчы кызматынан бошотулду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу