19.10.2016, 17:04

Бишкекте жөө өтмөктөн адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкек, 19-октябрь /Кабар/. Бишкекте жөө өтмөктөн адамды коюп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-октябрда болжол менен 22:00дөр чамасында белгисиз айдоочу Элебесов көчөсүнөн түштүк багытты көздөй бара жатып №169 үйдүн маңдайынан 23 жаштагы Ш.К.ны сүзгөн, ал окуя болгон жерде каза болгон.
Аталган факт Бишкек шаардык Свердлов райондук ИИБ тарабынан катталган.

“18-октябрда Бишкек шаардык ИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө S77 40 М мамлекеттик номердеги көк түстүү “ВАЗ-2101” унаасы аныкталган. Ошол эле күнү болжол менен саат 18:30 дар чамасында аталган кылмышка шектүү 26 жаштагы А.Ш. кармалган. Ал Талас облусунун тургуну, Бишкекте жашайт”,-деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда кармалган А.Ш. Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо бөлүмүнө камалды.