Укук тартиби

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/10 14:56
 

Баткенде ири көлөмдөгү баңгизат менен тажикстандык аял кармалды

Баткенде ири көлөмдөгү баңгизат менен тажикстандык аял кармалды

Бишкек, 17-октябрь /Кабар/. Баткен ОИИБна алдын ала түшкөн маалымат боюнча Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында ыкчам-иликтөө жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгында Лейлек районунун Исфана шаарындагы Курулуш көчөсүндө жайгашкан аты жок мейманканадан Тажикстандын жараны 1977-жылы туулган А.Н. кармалган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган тажик жаранына таандык болгон сумкадан өзөгөчө жыты бар полиэтилен пакеттерге катуу таңгакталган бир нече баштыктар алынып, анын жалпы салмагы 6 кг 396 грамм экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча чогултулган материалдар Лейлек РИИБнин КККне 2016-жылдын 14-октябрь күнү № 464 саны менен катталып, тергөө тобу тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу