17.10.2016, 12:46

Бишкекте ууру үйгө кирип, сейфтен 1 млн сомдон ашык акчаны уурдап кеткен

Бишкек, 17-октябрь /Кабар/. Бишкекте ууру үйгө кирип, сейфтен 1 млн сомдон ашык акчаны уурдап кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын 9-апрелинде билгисиз жаран 1985-жылкы Б.Д. аттуу жарандын үйүнө кирип, сейфинен 905 000 орус рублин, 2 000 АКШ долларын, 60 000 сомун жана 11000 сомдук «Самсунг» санариптик фотоаппаратын уурдап кеткен. Жалпы чыгым 1 300 000 сомду түзгөн.

Бул факт боюнча күнөөгө шектелип, 1988-жылкы Чүй облусунун тургуну Б.Ю аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБсынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Буюм далили катары андан «Самсунг» санариптик фотоаппараты алынды. Жаран башка кылмыштарына да көрсөтмө берүүдө. Тергөө уланууда.