Укук тартиби

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/10 11:09
 

Жалал-Абадда мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Өзбекстандын жараны кармалды

Бишкек, 17-октябрь /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Совет-Сай жеринде Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу КР мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын жараны кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын чек ара тозотунан тышкары жерден өтүп, Кыргызстандын аймагына 200 м кирип кеткен. Мамлекеттик чек араны бузган жарандын жанында өздүгүн дадилдөөчү документтери да болгон эмес.

Тиешелүү документтер толтурулган соң жаран КР УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу