Укук тартиби

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
14/10 14:43
 

Прокурор Эркин Курманалиевдин өмүрүнө кол салган жаран кармалды

 Прокурор Эркин Курманалиевдин өмүрүнө кол салган жаран кармалды

Бишкек, 14-октябрь /Кабар/. КРнын Башкы прокуратурасынын, Республиканын аскер прокуратурасынын алдындагы ведомстволор аралык иликтөө тобу жана ИИМдин тиешелүү органдары тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында өлкөнүн башкы көзөмөл органынын кызматкери Э.Курманалиевдин өмүрүнө кол салууга шектүү А.Т. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын жашаган жерин тинтүүгө алган учурда Э.Курманалиевдин өмүрүнө кол салууда колдонулган жардыруу каражатына окшош каражат табылган. Кармалган жаран кылганын моюнуна алган көрсөтмө берген, ал тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган башка объективдүү маалыматтар менен бекитилди.

Азыркы учурда тергөөнүн жүрүшү менен аталган кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча чаралар кабыл алынууда, анын жыйынтыгы боюнча толук маалымат берилет.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылы 29-июлда Башкы прокуратуранын ички тергөө бөлүмүнүн башкы прокурору Эркин Курманалиевге таандык автоунаага белгисиз адамдар жарылуучу каражат коюп, анын кесепетинен прокурор оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Анын оң колу билегинен үзүлүп, сол көзүнө жана өпкөсүнө сыныктар кирип кеткен. Прокуратура кызматкерине оор операциялар жасалган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу