Укук тартиби

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
14/10 12:08
 

Кыргызстандан ылаачындарды дамбалга катып, алып кетүүгө аракет кылган БАЭнин жарандары кармалды

Кыргызстандан ылаачындарды дамбалга катып, алып кетүүгө аракет кылган БАЭнин жарандары кармалды

Бишкек, 14-октябрь /Кабар/. 2016-жылы 14-октябрда “Манас-аэропорт” текшерүү-көзөмөл бекетинин чек арачылары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргызстандан 4 ылаачынды мыйзамсыз алып кетүүгө аракет кылган Бириккен Араб Эмиратынын 2 жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Паспорттук текшерүүдөн өтүүдө чек арачылар БАЭнин 2 жаранынын адаттан тыш жүрүм-турумуна көңүл бурушкан. Бирок, жүргүнчүлөрдүн документтери жайында болгон. Чек арачылар алардын жүрүм-турумуна көңүл бурууну чечишкен.

№706 “Бишкек-Дубай” каттамына отурар алдында учактын бортуна өткөрүүчү бул жүргүнчүлөргө көз салып, алардын учактын ичинде шымдын чөнтөгүнөн сумкага бир нерселерди салып жатканын байкаган. Бортко өткөрүүчү учакка чек арачыларды чакырган.

Чек арачылар УКМКнын кызматкерлери менен бирге жарандарды кармашып, алардын жеке буюмдарын текшерүүдө 4 ылаачын табылган.

Ылаачындардын башына колпактар кийгизилген, ал эми канаттуулардын канаттары жана буттары байланган.
Сурактын жүрүшүндө БАЭнин жарандары ылаачындарды шымдын ички бетине кошумча тигилген атайын чөнтөктөргө салышканы белгилүү болду.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу