Укук тартиби

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
13/10 15:08
 

Жогорку сот А.Келдибековго карата Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды

Жогорку сот А.Келдибековго карата Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. Бүгүн, 2016-жылдын 13-октябрында КРнын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы Келдибеков Ахматбек Келдибековичке карата жазык ишти карап, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмүн жана аныктамасын күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык соту А. Келдибековго карата 2016-жылдын 11-мартындагы чечими менен 2015-жылы 12-ноябрдагы Биринчи май райондук сотунун Келдибековго карата колдонулган КРнын КЖКнын 304-б. өкүмдүн актаган жерин өзгөртүп, 50 000 эсептик көрсөткүчтө айып салган жана А. Келдибековду КРнын КЖКнын 304-беренесинин 4-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөлүү деп таап, 50 000 эсептик көрсөткүчтө айып салган. КРнын КЖКнын 59-беренеси (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) менен 100 000 эсептик көрсөткүчтө айып салынган (б.а. 10 млн. сом мамлекеттин эсебине которулат).

Ал эми 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-спикери Келдибеков Ахматбек Келдибековичке карата өз өкүмүн чыгарган. Анда Келдибеков А.К. КРнын КЖКнын 304-беренесинин 4-бөлүмү менен акталган жана ушул эле берене менен күнөлүү деп табылып, ага сот 30 000 эсептик көрсөткүчтө айып салган (б.а. 3 млн. сом).

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу