Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
11/10 18:18
 

Баткенде 130 миң сомго жакын Өзбекстандан алынып келе жаткан аткезчилик жүк кармалды

Бишкек, 11-октябрь /Кабар/. “Баткен” бажысынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 4-октябрда ЕАЭБдин аймагына 122 миң 890 сомдук суммада аткезчилик жүк киргизүү фактысын аныкташты.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн айылында А.И. аттуу КР жараны айдап бара жаткан “Хундай-портер” маркасындагы машина кармалган, ал жаран мыйзамсыз кондитер азыктарын алып өтүүгө аракет кылган.

Тактап айтканда ал Өзбекстанда чыгарылган жалпы баасы 122 миң 890 сомдук арахисти, шекерди жана кургатылган жүзүмдү бажы көзөмөлүнөн тышкары жерден алып өтүү аракетин көргөн.

Учурда бул факт боюнча иликтөө жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу