Укук тартиби

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
10/10 11:17
 

Коргоо министрлигинин №52806 аскер бөлүгүндө 3,5 млн сомдон ашык акчанын кемип калгандыгы аныкталды

Бишкек, 10-октябрь /Кабар/. КРнын Коргоо министрлигинин №52806 аскер бөлүгүндө 3,5 млн сомдон ашык акчанын кемип калгандыгы аныкталды.

КР Башкы прокуратурасы тарабынан КР Коргоо министрлигинин №52806 аскер бөлүгүнүн бухгалтердик эсеп-кысабын текшерүүнүн жыйынтыгында КР Кылмыш Кодексинин 304-беренесинде (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 308-беренесинде (бюджет каражатын мыйзамсыз колдонуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Тактап айтканда, 2014-жылы №52806 аскер бөлүгүндө аскер кызматкерлерине аванс берүү үчүн банктан 4 млн 166 миң 136 сом алынган. Бирок бухалтердик эсепте банктан алынган акча 525 миң 12 сом деп гана көрсөтүлүп, 3 млн 641 миң 123 сом жетпей калган.

Мындан тышкары, №52806 аскер бөлүгүнүн бухгалтериясында 2014-жылдын 28-ноябрында 8 аскер кызматкерлерине эмгек акы катары 216 миң 500 которулган. Бирок бул аскер кызматкерлери 2014-жылдын 30 сентябрында толугу менен эсептешип кызматтарынан бошоп кетишкен.

Учурда аталган фактылар боюнча тергөө жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу