Укук тартиби

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/10 10:08
 

Ысык-Көлдө «Хизб ут-Тахрир» тобунун жашыруун ишмердиги аныкталды

Бишкек, 6-октябрь /Кабар/. Ысык-Көл облусунда «Хизб ут-Тахрир» тобунун жашыруун ишмердиги аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети (МУКК) билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын 28-сентябрында КР МУКК менен КР ИИМнин терроризмге жана диний экстремизмге каршы биргелешкен ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эл арасында “Халифатты” куруу жана конституциялык түзүлүштү кулатуу идеясын жайылтып жүрүшкөн “Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик тобунун жашыруун ишмердиги аныкталды.

Уруксат берилген ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “М.О.” жана “А.Р.” аттуу жарандар кармалып, алардан “Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун бир нече DVD-дисктери, баракчалары, экстремисттик диний китептери алынды.

Бул факт боюнча иликтөө жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу