Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
30/09 17:48
 

Уурулар РСК банктын банкоматын ачуу аракети көрүшкөн

Бишкек, 30-сентябрь /Кабар/. Бишкек ШИИБсинин кызматкерлери РСК банктын банкоматын ачуу аракети тууралуу айтып беришти.

Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматынан билдиргендей, 2016-жылы 29-сентябрда Ленин районунун ИИБсынын күзөт бөлүмүнө болжол менен саат 06:25те белгисиз бирөөлөр Турусбеков көчөсүндөгү РСК банктын банкаматынанакча каражатын уурдоо аракетин көрүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшөт.

Милиция ал жерге келгенде окуя төмөндөгүдөй болгону аныкталды:
“Белгисиз бирөөлөр банкоматтын айнегин талкалап, акча каражатын алып кетүүгө аракет кылган учурда «Анти КримСервис» жеке күзөт агенттигинин кызматкерине сигнал түшөт. Ал кызматкер барганда уурулар качат. «Анти КримСервис» агенттигинин кызматкери Алмаз Атыканов пистолеттен асманга атып, алардын артынан кууп, бирок жалгыз болуп уурулар ар кайсы тарапка качкандыктан кармай албай калат”,-деп айтышты ШИИБден.

Аталган факт Ленин РИИБсинде катталып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу