30.09.2016, 15:27

Чек арада Казакстандан мыйзамсыз азык-түлүк өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды

Бишкек, 30-сентябрь /Кабар/. 29-сентябрда “Акжол-автожолу” текшерүү-көзөмөл пунктунда Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет жасаган Кыргызстандын жараны кармалды.Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын “Мерседес-Бенс Спринтер” унаасын текшерүү учурунда 1 тонна шекер, 500кг ун, 105 кг кесме табылган.

Анын жанында жүктүн тишелүү документтери жок болгон. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.