Укук тартиби

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
29/09 12:10
 

МУКК: ИГИЛдин мүчөлөрү соттолду

Бишкек, 29-сентябрь /Кабар/. Ош шаардык соту тарабынан 16-сентябрда ИГИЛ эл аралык террордук уюмунун 4 мүчөсүнө өкүм чыкты. Алар быйыл мартта КР МУКК тарабынан кармалган. Бул тууралуу КР МУККнын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Алар куралдуу топторду түзгөндүгү, бандиттик кылгандыгы, терроризмди каржылагандыгы жана башка мыйзамсыз иш жүргүзгөндүктөрү үчүн 10 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылды.
Атап айтканда, 1995-жылы төрөлгөн КР жараны «Х.А.» 16 жылга, 1989-жылкы КР жараны «Р.А.» 10 жылга, 1994-жылкы Россия жараны «Т.Ш.» 18 жылга, 1994-жылкы Россия жараны «З.М.» 17 жылга эркинен ажыратылды.

Эскерте кетсек, бул террордук топ «Ватсап», «Одноклассник» жана башка соцтармактар аркылуу түзүлгөн. Аталган жарандар чет өлкөдө иштеп жүрүшкөндө соцтармактар аркылуу ИГИЛге тартылган. Кийин алар Кыргызстанда “жихад” жүргүзүү үчүн Ош шаарына жөнөтүлгөн. Аларга “кафир” деп эсептелген 5 адамды өлтүрүү жана Сирияда терроризмди каржылоо үчүн Ошто бир нече каракчылык кол салуу тапшырылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу