Укук тартиби

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/09 10:56
 

Бишкектеги аэропорттон башка паспорт менен Москвага учууга аракет кылган жаран кармалд

 Бишкектеги аэропорттон башка паспорт менен Москвага учууга аракет кылган жаран кармалд

Бишкек, 29-сентябрь /Кабар/. Бишкектеги аэропорттон башка паспорт менен Москвага учууга аракет кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Кечээ «Москва – Бишкек» маршруту боюнча №962 каттамды каттоо учурунда “Манас-аэропорт” текшерүү-көзөмөл жайынын чек арачылары мамлекеттик чек ара режимин бузууга аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашкан.

Паспорттук текшерүүдө Кыргызстандын жараны 1988-жылы туулган Т.К. башкага таандык болгон паспортту (ID-card) көрсөткөн. Кармалган жарандын айтымында, өзүнүн документин жоготуп алгандыгына байланыштуу ал тууганынын паспортун колдонгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран МУККнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу