Укук тартиби

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/05 12:20
 

2015-жылы бажы мыйзамын бузган 1969 факт катталды

2015-жылы бажы мыйзамын бузган 1969 факт катталды

Бишкек, 25-май /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Аткезчилик жана баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Азамат Койчуманов.

“2015-жылдын эсеби менен бажы мыйзамын бузган 1969 административдик иш катталып, алардын  бети ачылган. Анын натыйжасында 8 миллион 930 миң айып өндүрүлгөн. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2 пайызга өсүш бар экендигин билдирет. Мындан сырткары, укук бузуу боюнча 156 кылмыш иши козголуп, бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 5,5 пайзга көп деп табылды”,-деди ал.

Анын айтымында бул козголгон иштер боюнча мамлекетке 83 миллиондон ашык акча өндүрүлгөн. Ал өткөн жылга салыштырмалуу 121%га көп болду.

“Аткезчилик жол менен көбүнчө уюлдук телефондор, тамеки, курулуш материалдары, алтын күмүш, дары-дармектердин көп келип жаткандыгы аныкталып жатат”,-деп кошумчалады А.Койчуманов.

 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу