Укук тартиби

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
08/02 12:10
 

ИИМ: “Кара-Кече” кенинин мурдагы коопсуздук кызматкерин бычактаган шектүү кармалды

 ИИМ: “Кара-Кече” кенинин мурдагы коопсуздук кызматкерин бычактаган шектүү кармалды

Бишкек, 8-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Жумгал районунун аймагындагы “Кара-Кече” көмүр кенинин коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, 1986-жылы туулган Руслан Сейткуловду бычактоого шектүү кылмышкер кармалды. Ал 1993-жылы туулган, мурда КЖКнын 241-беренеси менен соттолгон К.Ж. аттуу Жумгал районунун жашоочусу болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынын инспектору Эрнис Осмонбаев билдирди.

“Окуя 1-февраль күнү Жумгал районунун борборундагы кафелердин биринде болгон. Ал жерде отургандардын бири экинчисин бычактап салган. Кылмышкер ошол замат качып кеткендиктен, аны ички иштер органдары өткөн дем алыш күндөрү Бишкек шаарынан кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алды. Учурда Жумгал райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү К.Ж.га эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынып, КЖКнын 234-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголду”,- деди Э.Осмонбаев.

Мурда маалымат каражаттарында Жумгал районунда “Кара-Кече” көмүр кенинин мурдагы коопсуздук кызматынын кызматкери Р.Сейткуловдун денесине белгисиз бирөө 12 жолу бычак сайгандыгын, ал оор абалда ооруканага жаткырылгандыгын жана бул кылмышка “Саяк” деген каймана аты бар Мурат Кадыркулов аттуу жергиликтүү кримтөбөлдүн катыштыгы бар экендигин жазган болчу.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу