Укук тартиби

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
14/01 11:33
 

ИИМ: 2015-жылы уюшкан кылмыштуу топтун 243 мүчөсү кармалды

 ИИМ: 2015-жылы уюшкан кылмыштуу топтун 243 мүчөсү кармалды

Бишкек, 14-январь /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда “Кабар” агенттигенде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги М. Каниметов билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 10 адам криминалдык чөйрөдө жогорку макам алып жүргөндөр, алардын ичинде сегизи “смотрящий”, бирөө уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин кенешчиси жана бирөө уюшкан кылмыштуу топтун лидери болгон.

“2015-жылы 12 айдын аралыгында республика боюнча ар кандай кылмыштар жаатында издөөдө жүргөн 42 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, жоопко тартылууда. Азыркы учурда ички иштер органдары тарабынан 15 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ар кандай кылмыш фактылары боюнча изделүүдө”-деди М. Каниметов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу