Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
19/12 11:08
 

Бишкек шаарында кылмышка шектүү жарандар кармалды

Бишкек, 19-декабрь /Кабар/. 18-декабрда Бишкек шаарына караштуу Эне-Сай жаңы конушунун тургуну С.Ш. арыз менен милицияга кайрылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ал өзүнүн арызында 14-декабрда саат болжол менен 18.30да Кулиев-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз атуул аны уруп, согуп 4000 сом акчамды жана уюлдук телефонумду тартып алган деп билдирген.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция аймактык тескөөчү тарабынан Ала-Тоо жаңы конушунун тургуну, 31 жаштагы М.Н. кармалып тергөө бөлүмүнө жеткирилип. Тергөө иштери башталды.
Ошондой эле Монгол эл Республикасынын жараны – Улан-Батор шаарынын тургуну 31 жаштагы Б.Г. арыз менен милицияга кайрылган. Себеби 17-декабрда саат 20.00дө Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан батыш автобекетинин аймагынан белгисиз 2 атуул күч колдонуп, 2200 сом акчасын тартып алышкан.

Бишкек шаардык кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмыштын “изин суутпай” Учкун жаңы конушунун тургуну 24 жаштагы И.С. жана Алтын-Ордо жаңы конушунун тургуну 27 жаштагы Б.Ж. кармалышкан. Буларга карата Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө тергөө иштери башталды.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу