Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
18/12 14:25
 

Баңги затты мыйзамсыз алып жүргөндүгү үчүн мурда соттолгон жаран кармалды

Бишкек, 18-декабрь /Кабар/. Баңги затты мыйзамсыз сактап жүргөндүгү үчүн мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралу КРнын баңги затты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын маалыматы боюнча, 17-декабрда БКМКнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-изилдөө иш-чарасын жүргүзүүдө Чүй облусунун Аламедин районундагы айланып өтмө жолдо, “Айла” кафесине жакын жерде Бишкектин жашоочусу, мурда соттолгон 1954-жылы туулган КРнын жараны “Ш.П” кармалган. Аны текшерүүдө курткасынын ичинен таза салмагы 566 грам 570 мг болгон “марихуана” маң заты табылып, алынган.
Шектүү кармалып, убактылуу камоо жайына отургузулду. Тергөө иштери жүрүп жатат.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу