Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
18/12 11:31
 

КРнын башкы прокуратурасы автоунааларды эвакуациялоого мыйзамсыз төлөм алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Бишкек, 18-декабрь /Кабар/. КРнын башкы прокуратурасы тарабынан авнутоунааларды эвакуацялоого мыйзамсыз төлөм алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
КРнын башкы прокуратурасынын маалымат борбору билдиргендей, кылмыш иши Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын жол-кайгуул кызматы тарабынан автоунааларды эвакуациялоого мыйзамсыз төлөм алуу фактысы боюнча КРнын Жазык кодексинин 305 (Ыйгарым кызматтын көтөрүү) жана 353 (Өзүм билемдик) беренелеринде каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш ишин козгоду.

2015-жылы 10-апрелде жогоруда аталган кызмат тарабынан сынак өткөрүүсүз “А” коомдук бирикмеси (КБ) (2015-жылы 9-апрелде катталган, башкача айтканда Бишкек шаардык ИИББнын жол-кайгуул кызматы менен келишим түзөрдүн бир күн мурда) менен келишим түзгөн, ага ылайык “А” КБ автоунааларды эвакуациялоо жана мыйзамсыз төлөм алууга уруксат бергени белгилүү болду.

Бирок, 2015-жылы 18-сентябрда жогордагы келишим жокко чыгарылган, бирок ага карабай жогоруда белгиленген кызматтын кызматкерлери эскертүүсүз автоунааларды эвакуациялоону ишке ашыруу үчүн “А” КБны тартууну улантып, өз кезегинде эвакуацияланган автоунаалардын ээлеринен мыйзамсыз төлөм ала беришкени.
Азыркы учурда тергөө башталды.
Башкы прокуратура бардык мыйзам бузуу фактылары боюнча төмөнкү ишеним телефонуна кайрылууну суранат: 12-77 жана 54-28-18.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу