Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
17/12 12:39
 

ИИМ: “Быйыл 621 милиция кызматкери тартипти сактабагандыгы жана мыйзамды бузгандыгы үчүн ар кандай жоопкерчиликке тартылды”

ИИМ: “Быйыл  621 милиция кызматкери тартипти сактабагандыгы жана мыйзамды бузгандыгы үчүн ар кандай жоопкерчиликке тартылды”

Бишкек, 17-декабрь /Дайырбек Мейманов - Кабар/. 2015-жылдын 11 ай ичинде 621 милиция кызматкери тартипти сактабагандыгы жана мыйзамды бузгандыгы үчүн ар кандай жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн 17-декабрда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин өздүк коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы Скандарбек Көчөрбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын 8ине ички иштер органдарында иштөөгө таптакыр тыюу салынды, 21и ээлеген кызматынан бошотулду.
“Одоно мыйзам бузуу боюнча 12 факт катталган. 78 кызматкер жол эрежесин бузган. Мындан тышкары ар кандай мыйзам бузуулар боюнча 531 факт катталган. Жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин бизге саналуу эле арыз түштү. Биринде Өзбекстандын жараны арыз менен кайрылган. Бирок ал кетип калгандыктан окуяны тактоого мүмкүнчүлүк болбоду. Материалды тергөө органдарына бергенбиз. Ал жактан иш кыскартылып калды. Экинчи арыз “Дордой” базарынын профсоюз комитетинин төрайымы Д. Дөлөталиевадан түшкөн. Ал боюнча кызматтык иликтөө жүргүздүк. Чүй облусунун Жол күзөт кызматынын кызматкерлери Аламүдүн районунун Ленин айылында Казакстандын жарандары түшкөн автобусту токтотушуп мыйзамсыз текшерүүгө алышкан. Ал эки кызматкерди – Б. Урустемов менен Ж. Султановду кызматынан бошоттук”-деди ал.

“Дагы бир арыз түшүп, биз ошол замат иликтөө жүргүзүп, кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул боюнча тергөө жүрүп жатат. Кызматкердин өзүн ички иштер органынан кетирдик. Ал эми “Дордойго” жана башка багыттарга бара жаткан транспортторду милиция кызматкерлеринин коштоп жүргөндүгү тууралуу айтылган кептер дадилденген жок”-деп кошумчалады С. Көчөрбаев.
 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу