Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
16/12 15:19
 

ИИМинин “Интерпол” улуттук борбордук бюросунун өздүк курамы аттестациядан өттү

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. 14-15-декабрда Кыргыз Республикасынын ИИМинин “Интерпол” улуттук борбордук бюросунун өздүк курамынын арасында аттестация болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аттестация өтүп жаткан кызматкерлерден чет тилин кандай днгээлде билээри тууралуу, дене тарбия жактан даярдануусу, билим жагынан кандай денгээлде экендиги суралды. Аттестациялык комиссия 12 кызматкерден туруп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатывалдиев жетекчилик кылды.
Ошону менен катар эле кызматтык аттестация өтүүнүн графиги түзүлдү. “Интерпол” улуттук борбордук бюросунун өздүк курамы чет тили, дене тарбия боюнча ( кросс, турникке тартылуу, гранат ыргытуу) күжүрмөн күрөш, ок атуучу куралды пайдалануу жана жазуу түрүндө, маек куруу түрлөрү боюнча өтүштү.
Аттестациянын жыйынтыгы боюнча “Интерпол” улуттук борбордук бюросунун кызматына бир кызматкер ээлеген кызматына толугу менен ылайыктуу, төрт кызматкер ээлеген кызматттарына ылайыктуу, бирок аларга алты айдан кийин кайра аттестация өтүүлөрү тууралуу талап коюлду, бир кызматкер ээлеген кызматына толугу менен аттестация өтө алган жок. Өтпөй калган кызматкерге ички иштер министрликтин алкагында башка орун сунушталат.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу