Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
16/12 11:11
 

МУКК: 300 миң сом пара алып жаткан учурда салык кызматкери кармалды

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. 300 миң сом суммада пара алуу учурунда КРнын мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, МУККнын коррупцияга карыш кызматы тарабынан салык кызматында коррупция тутумун аныктоо жана жоюу боюнча ыкчам-изилдөө иш-чарасын ишке ашыруу процессинде КРнын Өкмөтүнө караштуу Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча этил спиртин, алкоголдук жана спирт продуктыларын өндүрүү жана айландырууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы “Ж.А.” пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды.

МСК башкармалыгынын башчысы “Ж.А.” алкоголдук продуктыларды өндүрүү үчүн зарыл болгон этил спиртин алуусуна уруксат берүү үчүн жеке ишкер “У.М” дан 300 миң сом көлөмүндө пара талап кылганы аныкталды.
Ыкчам-изилдөө иш-чарасын жүргүзүүдө 300 миң сом көлөмүндө пара алуу учурунда МСК башкармалыгынын башчысы “Ж.А.” кармалды.
Аталган факты боюнча МУККнын тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын 304 (Кызмат абалынан пайдалануу) жана 313 (Пара талап кылуу) беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу