Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
14/12 18:22
 

Сузак районунан мурда 6 жолу соттолгон адам 1кг 805 гр баңги заты менен кармалды

Сузак районунан мурда 6 жолу соттолгон адам 1кг 805 гр баңги заты менен кармалды

Жалал-Абад, 14-декабрь /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Жалал-Абадда мурда 6 жолу соттолгон жаран 1 кг 805 гр героин баңги затын Бишкекке алып кетип жаткан жеринен кармалган.Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сузак районунун аймагында Мерседес–Бенс үлгүсүндөгү автоунаасын Сузак РИИБнүн тергөө ыкчам тобу токтотуп текшерген учурда, аталган авто унаада жүргүнчү катары бара жаткан 1952.ж.т. В. К. (өз сөзү боюнча мурда 6 жолу соттолгон КР КЖКнин 97, 234, 246 жана 164- беренелери менен) караштуу ак түстөгү каптын ичинен 2 даана ашкабактын ичине жашырылып салынган 1 кг 805 гр болгон героин баңги заты табылган. Аны Бишкек шаарына алып кетип жаткан.

“Аталган факт боюнча топтолгон материал Сузак РИИБнүн КККне катталып, КР КЖКнин 246-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча шектүүнүн кылмыштуу шериктерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш чаралары улантылууда”-деп билдирет басма сөз кызматы.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу