Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
14/12 17:09
 

ЖАМК: СИЗО-50 дөн качкандар тууралуу иликтөө иши аяктап, прокуратурага жөнөтүлдү

Бишкек, 14-декабрь /Айжамал Дүйшеева-Кабар/. КРнын жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы СИЗО-50дөн качкандар тууралуу иликтөөнү бүтүп, ишти атайын прокуратурага жөнөттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Анын маалыматы боюнча, атайын прокуратура СИЗО-50 нүн кызматкерин өлтүрүү, унаа уурдап качуу фактылары боюнча кылмыш ишин Жогорку сотко жөнөттү. “Жогорку инстанция соттолуучу ишти аныктап, иштин маңызын карап чыгуу үчүн райондук сотко өткөрүп берет. Биз бул жөнүндө азырынча билбейбиз”,-деп белгиледи ведомство.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан СИЗО-50 абак жайынан камалган 9 жаран качып чыккан. Анын ичинен бешөө ошол эле учурда кармалып, калганы жашырынып калышкан. Качуу учурунда качкындар тарабынан ЖАМКнын 3 кызматкери өлтүрүлүп, 1 кызматкери катуу жарадар болуп, ал ооруканада эсине келбей көз жумган. Качкандардын үчөө өлтүрүлүп, бирөө жарадар болуп кармалган. Эскерте кетсек, качкан күнү кармалган бешөөнүн үчөө ооруканада жүрөк оорусунан каза болушту.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу