Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
11/12 13:00
 

“Транском” ишканасы Бажы биримдигине кошулуудан ири суммада акча уурдагандыгы аныкталды

Бишкек, 11-декабрь /Эмилбек Момунов-Кабар/. КРнын МУКК Коррупцияга каршы кызматы ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Унаа жана коммуникация министрлигине караштуу “Транском” Мамлекеттик ишканасы тарабынан Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусунан аткарган иштерди жасоодо мамлекетке 4 млн. 463,6 миң сомдук зыян келтиргендигин аныктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.


“Тартылган адистик-эксперттер менен текшерүүдө “Транском” имаратты капиталдык оңдоодо 3 млн. 121,5 миң сомго оңдоо-курулуш иштеринин баасы жогорулатылган фактысы табылды. Мындан сырткары, топтомдуу курулуш-техникалык экспертизанын корутундусуна ылайык, оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүш үчүн долбоордук-сметалык документ иштеп чыгарылган эмес. Ал эми аткарылган жумуштардын актысында чыгымдардын эсеп-кысаптары жогорулатуу ченемдери колдонулган, актыга болсо ашыкча жумуштар киргизилген. Жыйынтыгында аткарылган жумуштардын жогорулоосуна алып келген. Натыйжада мамлекетке 4 млн. 463,6 миң сом жалпы суммада зыян келтирилген”,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуу боюнча пландык иш-чаранын негизинде, “Транском” жайларды даярдоо жана оңдоо максатында 2015-жылдын июлунда Министирликтин жана “Евразия Телеком групп” ЖЧКсынын ортосунда 16 млн. 540,9 миң сом суммага жумушту аткарууга, кызмат көрсөтүүгө жана жабдыктарды жеткирип берүүгө келишим түзүлгөн. Ошону менен бирге ЖЧК 14 млн. 495,3 миң сом суммага келишимдин негизинде өзүнүн милдеттенмесин аткарган, ал эми айырмасы аткарылган жумуштардын кабыл алуу актыларына кол коюуда түзөтүү киргизилген.


Бул факты боюнча МУКК Тергөө башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 166 (“Алдамчылык”) беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу