Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
11/12 10:51
 

Бишкекте милиционерди өлтүрүүгө шектүү эл аралык террордук уюмдун согушкерлери жок кылынды (Фото)

Бишкекте милиционерди өлтүрүүгө шектүү эл аралык террордук уюмдун согушкерлери жок кылынды (Фото)

Бишкек, 11-декабрь /Эмилбек Момунов-Кабар/. 10-декабрдын түнүндө КРнын МУКК тарабынан жүргүзүлгөн терроррчулукка каршы күрөшүү операциясынын жүрүшүндө жакында борбордун 8-кичи районунда милициянын участкалык кызматкерин өлтүрүүгө шектүү эл аралык террордук уюмдардын биринин мүчөлөрү болуп саналган кылмыштуу топ жок кылынды. Операция учурунда кылмышкерлер күч органына каршылык көрсөткөндүктөн, жок кылынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган күч органынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жок кылынган эки террордук уюмдун мүчөлөрү бир катар оор кылмыштарга, анын ичинде Бишкектин 8-кичирайонунда участкалык милиция кызматкеринин өлүмүнө тиешеси бар.

Алар ушул жылы 16-июлда Бишкекте жүргүзүлгөн террорчулукка каршы күрөшүү операциясында жок кылынган “Тоха” деген каймана аты менен белгилүү Т. Жумагуловдун жетекчилиги астындагы террордук топ менен тыгыз байланышта экендиги белгилүү болду.

Эл аралык террордук уюмдун согушкерлеринин куралдуу каршылык көрсөтүүсүнүн натыйжасында МУККнын бир кызматкери жаракат алды. Учурда анын абалы канааттандырарлык. Жарандардын арасында жабыркагандар жок.

Тергөөнүн жүрүшүндө жок кылынган топтун мүчөлөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында террордук актыларды жасоону пландаштыргандыгы аныкталды. Атайын операция учурунда кылмышкерлерден 4 Макаров тапанчасы октору менен, Ф-1 гранатасы, колдо жасалган жардыргыч зат, бир нече уюлдук телефондор, беткап жана башка буюмдар табылган.

МУКК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу