Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
10/12 18:16
 

Базар-Коргон районунун тургуну 7 жашар кызды таяк менен сабап өлтүргөн

Жалал-Абад, 10-декабрь /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. 7-декабрда Базар-Коргон районуна караштуу Карача айылынын тургуну И.Ы, үйүндө өзү убактылуу багып жүргөн 2008-жылкы жээни Т.Кенжебаеваны таяк менен сабаган. Кыз райондук ооруканага жетпей каза болгон.Бул тууралуу
ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Изи сууй электе кылмышка шектүү катары Ы.И.кармалып, Базар–Коргон РИИБнүн убактылуу камак жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Маалымат.
1-классынын окуучусу Кенжебаева Тахмина аталган даректе убактылуу жашап келген.
Атасы Б.К 1981-жылы туулган, азыркы учурда Россия Федерациясында. Апасы Б.М 1983-жылы туулган, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында өзүнүн ата-энесинин үйүндө убактылуу жашайт, 4 балалуу. Жабырлануучу кыз алардын үчүнчү кызы болгон. Ноокен районунун орто мектептери (апасынын айтымында, кыздын мектепке чейинки даярдыгы жоктугуна байланыштуу) окууга албай койгондугунан улам, таежеси Ы.Истанбековага берип, Базар-Коргон районунунда жашап жана окуп жүргөн.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу