Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
09/12 17:22
 

Т.Сариев: “Өкмөт коррупцияга каршы күрөштү маморгандардан баштайт”

Т.Сариев: “Өкмөт коррупцияга каршы күрөштү маморгандардан баштайт”

Бишкек, 9-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрда, Темир Сариевдин төрагалыгы астында Антикоррупциялык кеңештин жыйыны болуп өттү.
Өкмөт башчы белгилегендей, министрлер кабинети тараптан антикоррупциялык мониторинг жана баа берүүнүн жаңы ыкмасы киргизилген, ар-бир мамлекеттик органда коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы киргизилген.

“Биз “Электрондук Өкмөттү” киргизүүдөбүз, ал натыйжалуу электрондук тейлөө көрсөтүүгө, коррупцияга шарт түзүүчү ар-кыл ортомчулардын байланышын жоюу мүмкүндүгүн берет. Жалпысынан 19 мамлекеттик органда коррупциялык схемаларды жоюу боюнча пландар иштелип чыккан, анда аларды жоюу боюнча иш-чаралардын саны 1 миң 158 жетет”, – деп белгиледи Темир Сариев.

Премьер-министр билдиргендей, тоо-кен тармагында акыркы эки жыл ичинде мамлекеттик бюджетке ачык аукциондорду жана конкурстарды өткөрүү эсебинен гана 7 млрд сом түшкөн. “ВИП” номерлерди сатуу түрүндөгү бир гана коррупциялык схеманы жоюу аркылуу өлкө бюджети 100 млндон ашуун сомго толукталган.

«Өлкөдө артыкчылыктары жоюлган жана баасы боюнча төмөн эсептелген жаңы автомобилдик номерлер киргизилүүдө. Өкмөт ошондой эле камсыздоо төлөмдөрүн башкаруу жана аны башка бир органга өткөрүү боюнча бир катар чараларды өткөрдү. Инвесторлор үчүн мөөнөтү 10 жылдык стабилизациялоо режими тууралуу чечим кабыл алынды.

2016-жылдан тарта экспорттук операцияларда сатыктан салыкты баскыч-баскычы менен алып салууга өтүп, кийин накталай эмес операцияларды алып салууга өтөбүз. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамдын жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен соода жүргүзүүнүн айкындуулугун жогорулатуунун бардык процесстери кескин түрдө кайрадан каралат, сатык жана сүйлөшүү жүргүзүү процедурасына адамдык фактордун кийлигишүүсү жокко чыгарылат”,- деп билдирди ал.

Премьер-министр кошумчалагандай, чиновниктердин киреше жана чыгашасын көзөмөлдөө механизми киргизилет. Өкмөт коррупцияга каршы күрөштү алгач калк коррупциялык механизмдер менен көп кездешкен мамлекеттик органдардан баштайт.

Мисал келтирсек, алардын катарында Жол-кайгуул кызматын, Мамлекеттик каттоо кызматын, фискалдык органдарды, билим берүү жана медициналык мекемелерди атоого болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу