Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
09/12 11:18
 

МУККнын коррупцияга каршы кызматы жыл башынан бери 334 кылмыш ишин козгоду

Бишкек, 9-декабрь /Кабар/. КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматы тарабынан жыл башынан бери 334 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу МУККнын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

2015-жылы 11 айда тергөө органы тарабынан 334 кылмыш иши козголду.

2015-жылдын башынан тарта сот органына 105 кылмыш иши жөнөтүлдү. Козголгон кылмыш иштердин анализи кылмыш иштердин көпчүлүгү төмөнкү органдарда:
Укук коргоо органында 2014-жылы – 59, 2015-жылы – 73,
ИИМде 2014-жылы – 36, 2015-жылы – 28, Коргоо министрлигинде 2014-жылы – 5, 2015-жылы 17,
Прокуратурада 2014-жылы – 4, 2015-жылы – 8,
ЭККМКда 2014-жылы 2, 2015-жылы 7,
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органында 2014-жылы – 53, 2015-жылы – 61,
Отун-энергетикалык комплексинде 2014-жылы – 28, 2015-жылы 18 кылмыш иши козголгонун көрсөтөт.

Козголгон кылмыш иштердин ичинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу – 121, ишенилген мүлктү сарптоо же менчиктөө – 52, пара талап кылуу – 49 болду.

Мамлекеттик бюджетке 272,9 млн сом кайтарылды.

2015-жылы 11 айда Коррупцияга каршы кызматтын коомдук кабыл алууларынын дарегине 3249 жаран кайрылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу