Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
08/12 10:25
 

Баткен обладминистрациясы: “Көк-Таш айылында абал тынч, мектептин айнегин ким сындыргандыгы такталууда”

Баткен обладминистрациясы: “Көк-Таш айылында абал тынч, мектептин айнегин ким сындыргандыгы такталууда”

Бишкек, 8-декабрь /Эмилбек Момунов-Кабар/. Учурда Баткен районунун Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан Көк-Таш айылында абал тынч жана эч кандай улуттар аралык чыр-чатак жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Адыбек Набиев билдирди.

“Кечээ Баткен районунун кошуна Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылындагы мектептин бир айнеги сынган экен. Бирок, аны тажик жарандары же башка адамдар сындыргандыгы белгисиз. Менимче келтирилген зыян 200 сомдун тегереги болуш керек. Азыр бул боюнча милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Көк-Таш айылындагы көчөнүн бир жагында кыргыздар, экинчи жагында тажиктер жашайт, азырынча такталбаган аймак катары эсептелүүдө. Негизинен эки эл бир арыктан суу ичип, балдарыбыз бир көчөдө ойноп, бири-бири менен ынтымактуу жашашат”,- деди ал.

Айрым маалымат каражаттары кечээ Көк-Таш айылында кыргыз жана тажик жарандары чатакташып, эки тараптан беш-алты адам топтолгондугун жана тажик жарандары айылдын мектебине, ал эми кыргыздар тажиктердин үйүнө таш ыргыткандыгын, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен алар таратылгандыгын жазган болчу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу