Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
08/12 10:17
 

Ош облусунун чек арачылары мыйзамсыз фото-сүрөт тарткандыгы үчүн жапон жаранын кармашты

Бишкек, 8-декабрь /Кабар/. Кечээ, 7-декабрда Ош чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек ара режимин бузган 1981-жылы туулган Жапон жараны “Т.Н.” кармашты. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Кармалгандын айтымында, Жапониянын жараны Кыргызстандын Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Тейит жергесине туристтик максатта келген жана фото-сүрөткө тартып жаткан.

Жапониянын жаранында чек арага жакын аймакта жүрүүгө жана чек арада фото-сүрөт тартууга укук берүүчү документи жок болгон.

Мурда ал Кыргызстанга Казакстандан келген. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин ал Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу