Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
08/12 09:50
 

Ош шаарында жыл башынан бери баңги затына байланышкан 60 кылмыш иши козголду

Ош, 8-декабрь /Асанбек Каракозуев-Кабар/. Кыргызстан баңги заттарын алып өтүүдө транзиттик өлкө болуп саналат. Ооганстандан Кыргызстан аркылуу маңзаты Европа мамлекеттерине жөнөтүлөт. Өлкөгө кирген баңги затынын 10 пайызы түштүктө калат деген маалыматтар бар.

Жыл башынан бери Ош шаарынын аймагында баңги затына байланышкан 60 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

"Биздин кызматкерлер оперативдүү иш чараларды өткөрүп, баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүдөн алышат. Быйылкы жылдын эсебинен 129 кг маңзаты алынды. Мындан сырткары, түшүндүрүү иштерин да алып барабыз",-дейт Сыдыков.

Ал кошумчалагандай, баңги заттарын колдонгон, сактаган жана саткан жарандар КРнын КЖКнин 247-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу