Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
07/12 17:25
 

Караколдо окуучу кыздардын алтын сөйкөлөрүн алдап-тоноп жүргөн кыз кармалды

Бишкек, 7-декабрь /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Каракол шаардык милициясына, ошол эле шаардын жашоочусу К.И. арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында шаардагы “Н.Нариманов” атындагы орто мектептин короосунан 2006-жылы туулган кызынын алтын сөйкөсүн белгисиз 20-25 жаштагы бейтааныш келин чечип кеткен деп арызданган. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Каракол шаардык милициясынын кылмыш иликтөө кызматкерлеринин жүргүзгөн оперативдик иш аракеттеринин негизинде Жети-Өгүз районунун тургуну 26 жаштагы Жийде аттуу кыз кармалган. Кармалган жаранды күбөлөрдүн катышуусу менен тинтүү учурунда жанынан бир түгөйү менен алтын сөйкө жана алтынга окшогон дагы түгөйү менен сөйкө табылган.

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын Каракол шаарынын аймагында дагы бир нечелеген алдап-тоноого тиешеси бар экени аныкталды.

Уурулукка шектүү Жийде бүгүнкү күндө Караколдо убактылуу камакка алынып, тергөө амалдары башталды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу