Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
07/12 12:32
 

“Хизбут-Тахрирдин” мүчөсү жардыруучу затты даярдоого шектелип кармалды

Бишкек, 7-декабрь /Эмилбек Момунов-Кабар/. 2-декабрда МУКК ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун (ДЭУ) жигердүү мүчөсүн Нарын облустунун тургуну, 1969-жылы туулган Б.Жуматаевди кармады. Ал мурда экстремисттик идеологияны таркаткандыгы үчүн 4 жылга жатак-абактарда жаза өтөө менен соттолгон. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Кармалган Б.Жуматаев, ДЭУнун мүчөсү болуп туруп өзүнүн кылмыштуулук ишмердигин уланткан жана террористик топтордун мүчөлөрүнө колдо жасалган жардыруучу түзүлмөлөрдүн курамчаларын алганга жана даярдаганга көмөк көрсөткөн.

Б.Жуматаевдин жашаган жеринде тинтүү жүргүзүүдө диний мазмундагы ар түрлүү басылмалар табылды. Алынган материалдар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза Кодексинин 241-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда Б.Жуматаев шектелген адам катары кармалып, МУККнын убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу