Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
04/12 16:44
 

ЖАМКда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөгү коррупциянын бети ачылды

Бишкек, 4-декабрь /Кабар/. КРнын МУКК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратура менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери тарабынан айыл чарба азыктары боюнча мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы табылды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузуу менен ЖАМКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана жатак-абактарынын жетекчилери тиешелүү тендер жүргүзбөстөн түзөтүү мекемелеринин керектөөсүнө айыл чарба азыктарын жеткирүү боюнча 23 млн. 61,7 миң сом жалпы суммага дыйкан чарбалары менен келишим түзгөн.
ЖАМКнын кээ-бир кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракетинин жыйынтыгында мамлекетке 5 млн. 449,3 миң сом суммага ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Башкы прокуратура КР Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 306 (“Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу”) беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду.
Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу