Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
04/12 11:42
 

МУКК: ЖАМКда мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкек, 4-декабрь /Кабар/. КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, КР МУККнын коррупцияга каршы кызматынын КРнын башкы прокуратурасы менен бирдикте жүргүзгөн ыкчам-изилдөө иш-чарасынын жүрүшүндө КРнын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын жооптуу кызматкеринин айыл чарба азыктарын мамлекеттик сатып алууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

ЖАМКнын борбордук аппаратынын кызматкери жана ЖАМКнын колония-поселениясынын жетекчиси КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамын бузуп, тиешелүү тендер өткөрүүсүз ЖАМКнын түзөтүү мекемелеринин керектөөсү үчүн айыл чарба азыктарын жеткирүү боюнча жалпы 23 млн 61,7 миң сомго дыйкан чарбалар менен келишим түзгөнү белгилүү болду.

ЖАМКнын кызматкеринин мыйзамсыз аракеттеринин кесепетинен мамлекетке 5 млн 449,3 миң сом ири көлөмдө залака келтирилген.

Аталган факты боюнча КРнын башкы прокуратурасы тарабынан КРнын Жазык кодексинин 304-306-беренелеринде каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу