Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
04/12 11:35
 

"Манас" аэропортунан террорчулардын чыгып кетүүсүнө жол берген чек арачыларга иш козголду

4-декабрь. "Манас" Эл аралык аэропортундагы "Манас-аэропорт" өткөрүү пунктунун чек ара кызматкерлерине Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, үч чек арачы үстүбүздөгү жылдын август айында Кыргызстандан чыгууга тыюу салынган 43 жаштагы жаранды "Манас-аэропорт" өткөрүү пунктунан чыгарып, бир айдан кийин кайра республика аймагына кирүүсүнө жол беришкен.

Мындан тышкары, ноябрда чек арачылар аталган өткөрүү пунктунан эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү менен Бишкекте 16-июль күнү жок кылынган террорчу Амировдун жубайын мамлекеттик чек арадан чыгарып жиберишкен.

Бул фактылар боюнча Башкы прокуратура "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда трегөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Булак:Спутник


 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу