Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
04/12 11:18
 

Сокулук энергияны сатуу кызматкерлери электр энергиясы үчүн төлөнгөн 400 миң сомду менчиктеп алууга айыпталууда

Бишкек, 4-декабрь /Кабар/. Сокулук энергияны сатуунун кызматкерлери электр энергиясы үчүн төлөнгөн 400 миң сомду менчиктеп алууга айыпталууда. Бул тууралуу КРнын экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча Чүй облусу боюнча ЭККМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Сокулук энергияны сатуу кызматкерлери тарабынан ишеним көрсөтүлгөн мүлктү менчиктештирүү фактысы аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн уюмдун жооптуу кызматкерлери электр энергиянын эсебинен абоненттерден чогултулган 441 миң сом көлөмүндөгү каражатты менчиктеп алганы белгилүү болду.

Аталган факты боюнча Чүй облусу боюнча ЭККМКнын тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Жазык кодексинин 171-беренесинде каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу