Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
04/12 09:08
 

Нарында кылмышка шектүү өспүрүмдүн кармалып турушу кооптонууну жаратууда

 4-декабрь /Күмөндөр Усуптегин-Нарын/. Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылындагы кайгылуу окуядан кийин, мектеп жашындагы окуучунун Жумгал райондук убактылуу кармоочу жайында (УКЖ) кармалып жатышы одоно адам укугун бузуу болуп саналат. Бул тууралуу тынсызданууну Кыйноолордун Улуттук борборунун облустагы өкүлү Канат Кожоев атайын олтурумда айтып чыкты.

-Кандай негизде кылмыш болгондугуна карабастан, соттун чечими чыккандан кийин ал жаш өспүрүм бир гана тергөө абагында кармалып турушу керек болчу. Бул адам укугун бузуу, айрыкча жаш өспүрүмдүн болочок тагдыры талкаланууда дегенди билдирет,-деди К. Кожоев. Бирок Жумгал районунун акиминин орун басары Гүлбарчын Ысакова ички иштер органдарынан ал окуучу бала Нарын шаарындагы тергөө абагында кармалып турат деген кат алгандыгын билдирди. Ал эми облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Зарылбек Акымбаев ал кылмышка шектүү өспүрүм Жумгал УКЖда өзүнчө бөлмөдө камалып тургандыгын, жакында иш сотко өткөрүлөөрүн маалымдады.

Быйыл 22-сентябрда аталган Көк-Ой айылындагы орто мектепте окуучулар арасында чыр чыгып, жыйынтыгында бир окуучу курман болгон. Эртеси шектүү катары экинчи бир окуучу камакка алынган.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу