Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
03/12 16:13
 

Караколдогу Пржевальский мемориалдык музейинин директору эки кылмыш иши боюнча сурак берүүдө

Каракол, 3-декабрь /Кубан Мамбетов - Кабар/. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл областтык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын сунушу менен ачылган «195 ишеним телефону билдирет» кызматы тастыктады.

Башкармалыктын билдирүүсүнөн көрүнүп тургандай Каракол-Пристань шаарчасынын кайкысынан орун алган Н.Пржевалскийдин мемориалдык музейинде иштеп туруп, анын жетекчиси Нурлан Эсенгулов Бишкек шаарындагы «Дом Москвы» маданий ишкердик борборунун музей экспонаттарын калыбына келтирүү жана музейдин аймагын суу менен камсыз кылуу максатында берген 230 миң сомун өзүнүн жеке кызыкчылыгына жумшап жиберген.

Бул тууралуу Каракол шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Буга кошумча Н.Эсенгуловго областтык экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы экинчи кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, Каракол шаардык маданият бөлүмү менен Каракол шаарынын тургуну Н.Дабаевдин ортосунда «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү кызматтык жеңил автоунааны музейге сатып алуу үчүн соодалашуу жүрүп, Н.Дабаевге 250 миң сом өлчөмүндөгү каражат келишимдин негизинде которулуп берилет. Бирок, сатуу жана сатып алуу келишими жасалма түрдө жүргүзүлүп, акча каражаты которулуп кетет. Ал эми сатылып алынган автоунаа учурда музейдин карамагында жок болуп чыккан. Баса, Ысык-Көл областтык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы жарандар менен түз байланыш уюштуруп, мындан ары көйгөйлүү маселелердин бетин ачууга бирге аракет кылмакчы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу