Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
03/12 12:12
 

Тажикстандын жараны башка паспорт менен Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракет кылды

Бишкек, 3-декабрь /Кабар/. Тажикстандын жараны башка паспорт менен кыргызстандан Казакстанга кирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, кечээ “Чалдыбар-унаа жолу” текшерип-өткөрүү пунктунда чек арачылар мамлекеттик чек аранын эрежесин бузган жаранды кармашты.

Паспорттук текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жаран Кыргызстандын жаранына тиешелүү башка паспортту көрсөткөн. Андан кийин мыйзам бузуучунун айтымында ал Тажикстандын жараны экени аныкталды.

Кармалган мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасында кесип өтүп, Кыргызстандан казакстанга кирүүнү пландаган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин ал КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу