Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
03/12 10:02
 

“Река” ЖЧК 15 млн сом салык төлөөдөн баш тартканы аныкталды

Бишкек, 3-декабрь /Кабар/. Бишкек шаары боюнча Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы ири көлөмдөгү салыкты төлөөдөн баш тартканы үчүн “Река” ЖЧКга карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн актысына ылайык, аталган ЖЧК бурмаланган салыктык отчетту көрсөтүү жолу менен салык төлөөдөн баш тартканы белгилүү болду. Салыктык текшерүүнүн натыйжасында жалпы көлөмү 15 млн 230 миң сом салык жана айып пул төлөө каралган.

Аталган факты боюнча, КРнын жазык кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу