Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
02/12 16:52
 

Мурдагы эки коргоо министрлерине кылмыш иши козголду

Бишкек, 2-декабрь /Эмилбек Момунов-Кабар/. КРнын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын натыйжасында коргоо министрлигиндеги туруктуу калыпка тушүп калган бюджеттик каражатты мыйзамсыз колдонгон коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

2013-жылы апрелде аталган министрлик менен “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын (МИ) ортосунда жалпы баасы 82 млн. 475 миң сомду түзгөн Ош шаарында жатакана куруу боюнча келишим түзүлгөн. Бирок бул МИ курулуш иштерин баштабай туруп эле ошол жылы май айында “Ояма” деп аталган ЖЧК менен ошол эле суммага аталган жатакананы куруу тууралуу субподряддык келишим түзгөн.

Өз кезегинде коргоо министрлигинин мурдагы жетекчилери келишимдин шарттарын бузуп, аткарылган иштерди тастыктаган актылар жок туруп 2013-2015-жылдардын аралыгында бюджеттик каражаттын эсебинен жана министрликтин атайын каражатынан 91 млн. 362,5 миң сомду МИге мыйзамсыз которушкан.

Өз кезегинде МИ министрлик которгон 15 млн. 521,5 миң сом бюджеттик акчаны ЖЧКга которуп, 9 млн. 281,8 мин сомдук курулуш материалдарын өткөрүп берген.

Мындан тышкары МИнин жооптуу кызматкерлери аткарылган иштер тууралуу тиешелүү актыларды албастан туруп, келишимдин шартын бузуп, ЖЧКга аталган фирмада эки жыл мыйзамсыз жүгүртүлгөн 104 млн. 230,8 миң сомду мыйзамсыз которгон. Акча каражаты эч кандай счет-фактура түзүлбөстөн, мыйзамсыз алынган. Натыйжада “Аскер курулуштун” башкы директору бюджеттик каражатты жеке кызыкчылыгына жана министрликтин айрым жетекчилеринин пайдасына иштеткен.

Жогорудагы материалдардын негизинде КРнын Аскер прокуратурасы тарабынан мурдагы коргоо министрлери Т. О. жана А. К., коргоо министринин мурдагы орун басары Н. Ж., “Аскер курулуш” МИнин башкы директору К. К.га, мындан тышкары министрликтин бир катар жетекчилерине КРнын ККнын 304, 308 жана 171-беренелерине ылайык кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу